Тышкы карыз товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун 216,2%ын түздү

21 июля 2023, 14:10

Алынган жана төлөнбөгөн номиналдык тышкы карыздын жалпы көлөмү 2022-жылдын акырына карата 7 миллиард 707,7 миллион долларды түздү, бул 2021-жылдын акырына карата тиешелүү көрсөткүчтөн 0,5%га жогору. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Карыздын көрсөтүлгөн суммасы мамлекеттик жана жеке секторлордун карызы менен көрсөтүлөт. Тактап айтканда, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тышкы карыз 4 миллиард 482,9 миллион долларды же жалпы тышкы карыздын 58,2%ын, ал эми жеке сектордун мамлекет тарабынан кепилденбеген карызы 3 миллиард 224,8 миллион долларды (41,8%) түздү.

Алсак, өткөн жылдын аягында Кыргызстандын номиналдык жалпы тышкы карызы ИДПга карата 71,8%ды жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун 216,2%ын түздү.