ИДПнын номиналдык көлөмү 2024-жылы бир трлн сомдон ашат

26 октября 2022, 11:57

Кыргызстандын 2024-жылы номиналдык ички дүң өндүрүмү Каржы министрлигинин болжолу боюнча 1 триллион 21,9 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин сайтында жарыяланды.

Ошол эле учурда 2025-жылы бул көрсөткүч 1 триллион 127,5 миллиард сомго жетет.

Быйыл ИДПнын номиналдык көлөмү 824,9 млрд сом болору күтүлүүдө. Бул 2021-жылга (723,1 млрд сом) караганда 14,08%га көп, ал эми 2023-жылга (927 млрд сом) караганда 12,4%га аз.

Номиналдуу ички дүң өнүм – мамлекеттин бардык акыркы товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн учурдагы рыноктук бааларда чагылдырылган наркы. Натыйжада, номиналдык ИДП каралып жаткан экономикалык баанын жана киреше индексинин өзгөрүшүнөн көз каранды.