Ноокатта 33 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

22 февраля 2024, 09:20

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө М.Т. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган. 

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

“Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 33 млн 211 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана 0,32 га жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып, баланска коюлду”, - деп айтылат маалыматта.