Ноокатта кубаттуулугу 1,2 мегаваттык чакан ГЭС курулууда

22 мая 2023, 13:20

Ноокатта кубаттуулугу 1 миң 200 киловаттык чакан ГЭС курулууда. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда курулушка капсула салынды.

Гидроэлектрстанция жылына дээрлик 5,5 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат деп күтүлүүдө. Курулуш иштеринин алкагында 30га чукул киши иш менен камсыз болсо, объект эксплуатацияга берилген соң 10го жакын адам туруктуу жумушка алынат.

Жеке ишкер куруп жаткан Чакан ГЭС болжол менен ушул күздө ишке кирет.