Ноокен районунда 700 орундуу мектеп оңдолууда
Ноокенде 700 орундуу мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ремонтко каражат райондун өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.