Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды

29 декабря 2023, 10:40

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Долбоорго ылайык, ишкананын курулушу 2024-жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң долларды түзөт.

Фабрика ачылса 500дөн ашык жаңы жумуш орду пайда болот деп күтүлүүдө.