Ноорузга карата шаардын борборундагы айрым көчөлөр жабылат
Бишкекте Нооруз майрамына карата шаардын борборундагы айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ноорузга карата Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт. Ага байланыштуу 20-21-мартта айрым көчөлөр жабык болот:
- Чүй проспектиси – Панфиловдон Эркиндик бульварына чейин;
- Раззаков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин;
- Орозбеков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин.
Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулар түшүнүү менен мамиле жасарына үмүт кылат.