Орусиянын жаңы төлөм системасы «Астрасенд» Улуттук банкка катталды

28 ноября 2022, 17:01

Кыргызстанда "Астрасенд" акча которуу системасы катталды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, "Астрасенд" Орусиядагы жаңы төлөм системасы. "Астрасенд" Россия Банкы тарабынан катталган "ИНКАХРАН" банктык эмес уюму тарабынан иштетилет. Бул жаңы төлөм системасы аркылуу чет өлкөгө акча которууга болот.

"Эл аралык акча которуу системасынын оператору КЭУ ИНКАХРАН (ААК) Улуттук банкта каттоо процедурасынан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1049231122", - деп айтылат маалыматта.