Электр энергиясынын жаңы тарифтери кошумча 1,5 млрд сом пайда алып келет
Энергетиктер электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүдөн түшкөн кошумча кирешенин көлөмүн эсептеп чыгышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-майынан тарта тарифтердин көтөрүлүшүнүн эсебинен ишканалардын кирешеси 1,5 миллиард сомго көбөйөт.
Талант Ибраев керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын жаңы баасы Министрлер кабинетинин 2025-жылга чейинки орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун негизинде белгиленгенин эске салды.