«Манас» аэропортунун туунду ишканасында жаңы директор шайланды

6 сентября 2021, 16:01

"Манас эл аралык аэропорту" ААКнын туунду компаниясы "Манас Тур" ЖЧКсынын башкы директору шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

"Манас эл аралык аэропорту" ААК, "Манас тур" жоопкерчилиги чектелген коомунун жалгыз негиздөөчүсү 23-августта компаниянын башкы директору Аскар Абдыкуловдун ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алган. Чечим берилген арыз боюнча кабыл алынды.

Бош орунга Шабдан Муратбек уулу шайланды.