«Керемет Банктын» жаңы жетекчиси кызматтан кетти

2 декабря 2021, 09:36

Эки жума мурун, 17-ноябрда кызматка киришкен "Керемет Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Айбалаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу “Акчабарга” өздүк булактары тастыктады.

Банктын жетекчисинин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетишине эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок мындай чечим ММКларга Айбалаев Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Айнура Айбалаеванын бир тууганы деген маалыматка байланыштуу кабыл алынганы айтылууда.

Алмаз Айбалаев банкка ушул жылдын 18-январында жетекчи болуп дайындалган Рысбек Токтогулдун ордуна келген.