АКШнын жаңы финансы министри доллардын наркын бекемдөөгө киришет

27 января 2021, 10:40

АКШнын жаңы шайланган финансы министри Жанет Йеллен, АКШны башка өлкөлөр алдында өзгөчөлөнтүү үчүн, өтө төмөн алмашуу курсуна барбайт. 

Андан сырткары, министр доллардын наркын төмөндөтүүнү каалаган мамлекеттердин кыймыл-аракеттерине каршы турарын билдирген. 

"Кошмо Штаттар атаандаштык жөндөмдүүлүктү арттыруу үчүн валютанын наркын төмөндөтүүнү каалабайт,  ошондуктан башка мамлекеттердин иш-аракеттерине каршы туруу керек",- деп билдирди Йеллен. 

Эксперттин айтымында, доллардын бекемделүүсү Америка үчүн ыңгайлуу болбойт.

"Министрдин бул билдирүүсү Еврозона жана Кытайга айтылган. Себеби, Кыргызстанда реэкспорттук экономика күч алып жаткандыктан, доллардын бекемделүүсү анчалык көп таасирин тийгизбейт. Ал эми Кытай, Европада доллар канчалык төмөн болсо, АКШ кайра ошончо сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок, азыр Америка мамлекеттин стабилдүүлүгүн көрсөтүп, муну менен катар инвесторлорду  тартууну көздөйт"-, деп билдирди Денис Бердаков.