Ушул аптада жаңы Салык кодекси кабыл алынышы мүмкүн

25 октября 2021, 17:54

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев телеграм-каналында ушул аптада жаңы Салык кодексинин кабыл алынаарын жазды.

Эл өкүлү окурмандарды Салык кодексинин жаңы долбоору менен таанышып, ага өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жөнөтүүнү суранды.

"Салык кодекси өтө маанилүү документ жана башка мыйзамдардан айырмаланып, ал ар бирибиздин кызыкчылыгыбызга таасир этет. Андыктан, убакыт бөлүп, таанышыңыз, антпесе кеч болуп калат", - деп жазды Бекешев.