«Кепилдик фондунун» директорлор кеңешинин жаңы курамы апрелде шайланат

28 марта 2024, 09:00

"Кепилдик фонд" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу 26-апрелде болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Күн тартибинде отчетторду бекитүү, аудитордун корутундусу, чыгымдардын сметасы сыяктуу каржы маселелерине тиешелүү 13 иш бар.

Чечүүнү талап кылган дагы бир маанилүү маселе – "Кепилдик фонд" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо.