Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын жаңы төрагасы болду

19 декабря 2022, 13:45

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын Соода-Өнөр жай палатасынын мүчөлөрү палатанын президенти Марат Шаршекеевдин отставкага кетишине байланыштуу жана палатанын жаңы жетекчисин тандоо маселелерин кароо үчүн жыйналышты. 

Ноябрдын ортосунда Марат Шаршекеев Соода-өнөр жай палатасынын президенттигинен өз каалоосу менен кеткен. Бул тууралуу жалпы коомчулукка палатанын 17-ноябрда өткөн жыйынында белгилүү болгон. Андан кийин палатанын кезектеги 11-курултайын 19-декабрда өткөрүү чечими кабыл алынган. 

Буга чейин, 15-декабрда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму палатанын төрагалыгына үч талапкерди жактырган. Палатанын жетекчиси кызматына талапкерлердин арасында “Кыргызгипрострой” долбоорлоо институтунун башкы директорунун экономикалык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, “INTEGRA Engineering” компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар эле.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн делегаттары көпчүлүк добуш менен Темир Сариевди палатанын президенти кылып шайлашты.