«Түндүк электр» ишканасына жаңы орун басар келди

17 июня 2021, 15:00

Бакытбек Жакыпов "Түндүк электр" ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Компаниянын директорлор кеңешинин чечими тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жакыпов "Түндүк электр" ААКта маалыматтык тутумдарды иштеп чыгуу боюнча инженер кызматын ээлеп келген.