Үстүбүздөгү жылдын ноябрында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат

15 октября 2019, 17:45

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, 7-8-ноябрь күндөрү Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туш келет, ошондуктан 9-10-ноябрь күндөрү ишемби жана жекшемби болгондуктан 4 күн катары менен эс алуу күндөрү болот.