«Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводу 35 млн сомго мазут сатып алат

15 ноября 2021, 12:10

"Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому чийки мунай сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

1000 тонна мунай сатып алуу үчүн ишкана 35 миллион сом, же тоннасына 35 миң сом сарптамакчы. Бул суммага күйүүчү-майлоочу майларды Жалал-Абадга жеткирүү да кирет.

Буга чейин 12-ноябрда компания чийки мунай сатып алуу боюнча ушундай эле тендер жарыялаганын кошумчалайбыз.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун жалгыз акционери "Кыргызнефтегаз" ААК болуп саналат. Нефть иштетүүчү завод мунайдан жана чийки заттын башка түрлөрүнөн мунай продуктуларын өндүрүү менен алектенет жана аларды кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтөт.