Эмгек министринин эки орун басары кызматтан бошотулду

11 марта 2024, 11:20

Нурдөөлөт Базарбаев менен Жаңыл Алыбаева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Базарбаев эмгек министринин биринчи орун басары кызматына 2023-жылдын сентябрында дайындалган. Ал эми Алыбаева 2018-жылдан бери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматын аркалап келген.