Нургазы Сатимкулов «Кыргыз почтасына» жетекчи болду

10 августа 2023, 09:50

"Кыргыз почтасы" ишканасында директорлор кеңешинин жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 9-августта ААКтын директорлор кеңеши директорлор кеңешинин төрагасы Үсөналы Бекишевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Ал эми жаңы төрага болуп буга чейин компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Нургазы Сатимкулов шайланды.