Нурлан Акматов ЕӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү болуп дайындалды

21 апреля 2020, 12:00

Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.
 

 

Нурлан Акматов буга чейин Евразия экономикалык комиссиянын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген.

Ал эми 2011-2018-жылдары «Газпромнефть Азия» ишканасынын жетекчисинин орун басары, 2018-2019-жылдары ААК «Эл аралык «Манас» аэропортунун жетекчиси болуп эмгектенген.