Нурланбек Кайынбаев Транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

26 апреля 2021, 15:30

Нурланбек Кайынбаев Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону белгилүү болду. 

Буга чейин аталган кызматты Талантбек Солтобаев ээлеп келген. Ал өткөн жумада, 23-апрелде кызматтан бошотулган.