Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

5 октября 2022, 15:34

Парламенттин төрагасы болуп депутат Нурланбек Шакиев шайланды.

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутаттар жаңы төрагага добуш беришти. Анын талапкерлигине 80 депутат макул, 6 депутат каршы добуш берди.

Добуш берүүнүн алдында талапкер кесиптештеринин бир катар суроолоруна жооп берди.

Буга чейин бул кызматты  Талант Мамытов аркалап келген.