Нуртазин Жетыбаев Мамкурулуштун директорлугунан кетти

26 января 2023, 11:35

Нуртазин Жетыбаев Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу “Акчабарга” өздүк булактар ​​билдирди.

Маалыматка караганда, Мамкурулушка Мырзабек Жыпаркулов жаңы жетекчи болуп келди.

Эске салсак, Нуртазин Жетыбаев бул кызматка өткөн жылдын 21-июнунда дайындалган.