ЕЭК департаментинин директоруна жаңы орун басар дайындалды

19 октября 2021, 13:45

Нуржамал Ильясова ЕЭКтин бизнести өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жазылды. 

Ильясова 1998-2016-жылдары "Кыргызпатентте" ар кандай кызматтарда иштеген.

2020-жылдан 2021-жылга чейин Экономика министрлигинде ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы болгон.

1999-жылы Бишкек гуманитардык университетин, 2004-жылы Кыргыз-орус Славян университетин аяктаган.