Инвестициялар министрлигине жаңы орун басар дайындалды

26 июля 2021, 16:10

Нурадил Баясов Инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

32 жаштагы Баясов буга чейин министрлер кабинетинин инвестициялар, ишкердик жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары, убактылуу агенттиктин директору болуп иштеген.