«МАМ» ААКнын акционерлери жарым миллион сомдон ашык баалуу кагаздарды сатышты

18 августа 2022, 16:37

Кыргыз фондулук биржасынын системасында 18-августта “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жөнөкөй акциялары менен эки бүтүм катталды.

Бардыгы болуп, экинчилик рынокто соодалоонун натыйжасында акционердик коомдун 855 баалуу кагазы сатылган. Эки бүтүмдүн жалпы суммасы 576 миң 275 сомду түздү. Аэропорттун акциялары бир нускада 675-674 сомго чейин сатылган.

Белгилеп кетсек, ушул жылдын башынан бери “Манас” аэропортунун баалуу кагаздары 22,5% жоготкон (январь айында 870 сомдон).