«Чакан ГЭС» мамлекетке 1 млн 300 миң сом дивиденд төлөдү
"Чакан ГЭС" ААКсы 2021-жылга дивиденддерди төлөөнү жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, "Чакан ГЭС" мамлекеттик ишкана (мамлекеттин үлүшү 100%).
Муну менен өлкөнүн бюджети 1 миллион 302 миң 633,50 сомго толукталды.