ААК Эл аралык «Манас» аэропорту 335 пенсионерге материалдык жардам көрсөттү

1 октября 2019, 17:20

ААК  «Эл аралык  «Манас» аэропорту» Эл аралык карылар күнүн жана КР авиация күнүн утурлай 335 пенсионерлерди куттукташты. 

ААК «Эл аралык  «Манас» аэропортунун» чечими менен авиациянын  жана «Манас», «Ош» и «Ысык-Көл», аэропортунда иштеп ардактуу эс алууга чыгышкан ар бир кызматкерге 2 миң 500 сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү.  

Эске сала кетсек, бүгүн Эл аралык карылар күнү. Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2019 – жылдын башында КР 500 миңге жакын пенсионерлер жашайт.