«Манас» Эл аралык аэропорту» АКК Саламаттык сактоо министрлигине 1.7 млн сомго жардам көрсөттү

20 июля 2020, 16:25

«Манас» Эл аралык аэропорту» ААК Саламаттык сактоо министрлигине 1 млн 780 миң сомго «Гемос-ПФ» плазмаферезин алууда каржылык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

«Гемос-ПФ» плазмаферези бейтаптардын канынын экстракорпоралдык тазалоо процедураларын жүргүзүүгө багытталып, акыркы эл аралык медициналык талаптарга жооп бере тургандыгы айтылат, ал эми анын Кыргызстандын ооруканаларында колдонулушу кымбат баалуу медикаменттерди алууга жумшалуучу каражаттарды азайтууга, бейтпрьпрдын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө жатуу жана дарылоо мөөнөтүн кыскартууга, ошондой эле леталдуулукту кыскартууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө, «Гемос» аппараты КМШ өлкөлөрүнүн 780ден ашуун медициналык мекемелеринде колдонулат, бул анын бийик натыйжалуулугунан кабар берет.