«Манас» аэропорту мектеп-интернатына 500 китеп тапшырды

3 октября 2019, 12:20

ААК «Эл аралык «Манас» аэропорту» Ош шаарындагы көзү азиз начар көргөн балдар үчүн атайын билим берүу мектеп-интернатына 500 китеп тапшырды. 

1 класстан  11- класска чйеинки 52 кыргыз жана орус тилиндеги китептер мектеп-интернатынын директору Айгүл Кудайкулованын өзунүн тандоосу менен алынды. 

ААК «Эл аралык «Манас» аэропортунун» төрагасы Мурат Примбердиев балдардын билми – өлкөнүн өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу деп белгиледи. 

«Эл аралык «Манас» аэропортунун жеткчилиги балдар үчүн берген белегине терең ыраазылык билдирем. Биздин мектептин китепканасы үчүн бул  - абдан чоң толуктоо.» - деп билдирди мектеп – интернаттын директору Айгүл Кудайкулова. 

Бул кайрымдуулк акция коммерциялык жана коммерциялык эмес компаниялар менен биригүү аркылуу өлкөнүн мектептерин китеп менен камсыз кылуу болуп эсептелинет.