«МЭА» ААК «Бирге жардам берели» кайрымдуулук долбооруна колдоо көрсөттү

10 марта 2021, 16:00

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Бирге жардам берели» долбоорунун алкагында «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондуна демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Долбоордун максаты - азык-түлүк чогултуу үчүн атайын кутучаларды жасап чыгаруу жана орнотуу болуп саналат.

 

Фанерадан жасалган жана долбоор жөнүндө маалымат камтылган атайын кутучалар буга чейин Бишкектеги ири соода борборлорунда жайгаштырылган.

 

Жалпысынан 50 куту жасоо пландалууда.

«Бирге жардам берели» долбоору узак мөөнөттүү долбоор: фонддун өкүлдөрү соода түйүндөрүнөн азыктарды чогултуп, жардамга муктаж адамдарга таратууну пландаштырышат.

Кутуларга чогултулган тамак-аш азыктары турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарга - көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнө, пенсионерлерге, майыптарга бөлүштүрүлөт.

Дан, ун азыктары, кесме, өсүмдүк майы, балык, чай, шекер сыяктуу ар кандай азык-түлүктөр кабыл алынат.

 

Фонддун ыктыярчылары алардан азык-түлүктөрдү чогултуп, жардамды чыдамсыздык менен күтүп жаткандарга тапшырышат.

Бир азык-түлүк топтому (кутуча) 10 кг салмакты түзөт.

 

Ушул жылдын 14-февралында Сокулук районунда жашаган турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө 80 азык-түлүк топтому чогултулуп таратылды.

 

Бишкек шаары боюнча тамак-аш чогултуу үчүн орнотулган кутулардын даректери:

1)      «Бишкек Парк» СЭБ, Бишкек ш., Киев көч., 148

2)       «Дордой Плаза 2» СЭБ, Бишкек ш., Ибраимова

3)      «ASIA MALL» СЭБ, Бишкек ш.,  Чынгыз Айтматов пр., 3

4)      «Beta Stores 2» СБ, Бишкек ш.,  Юнусалиев көч., 177/2

5)      «Beta Stores 1» СБ, Бишкек ш.,  Чүй пр., 150А

6)      «Вефа» СБ Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 98

7)      ГУМ «Чынар», Бишкек ш., Чүй пр., 92

8)    «Весна» СЭБ, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 66

9)      Globus  гипермаркети, Бишкек ш., Медеров көч., 44/1 (Жукеев Пудовкин көч. менен кесилишкенде)

10)  «Ала-Арча» СБ, Ч.Айтматов  пр., 299В

 

Маалымат үчүн:

»Жетимдердин укугун  коргоо» коомдук фонду 2012-жылы Краснореченский балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү, жетим бала Игорь Беляев тарабынан жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн.

COVID-19 пандемиясынын жана экономикалык каатчылыкта көп балалуу/калктын аярлуу катмары, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана  улгайган адамдар өтө оор абалда калышат.

Бүгүнкү күндө бул адамдарга даректүү жардам көрсөтүү өзгөчө актуалдуу.