ААК «РСК Банктын» аудит боюнча комитетинин өкүлү дайындалды
Улуттук банк ААК «РСК Банктын» аудит боюнча комитетинин өкүлүн дайындады. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Аталган кызмат орунга Данияр Бекболотов дайындалды.
Кошумчалай кетсек, Данияр Бекболотов үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан тарта ААК «РСК Банктын» директорлор кеңешинин өкүлү болуп эмгектенип келген.