«Түндүкэлектр»: Убагында төлөнбөгөн электр энергия акысына пения кошулбайт

3 апреля 2020, 09:45

Кырдаалга байланыштуу электр энергияны убагында төлөбөгөндөр үчүн пения 1-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу ААК «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти. 

«Республикага өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, КР аймагындагы бардык абоненттер электр энергияга болгон акыны убагында төлөй алышпайт. Ошол себептен компания 1-апрелден тарта пения кошууну токтотту», - деп жазылат маалыматта. 

ААК «Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон төлөмдү электрондук капчык же төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт. 

Эске сала кетсек, төлөм сатуу түйүндөрү жана MegaCom компаниясы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.