«Түндүк электр» 5 миңден ашуун абоненттин светин өчүрөт
"Түндүк электр" ААК 3,5 миңден ашык үй чарбасынын жана 1,5 миң чарбалык эмес абоненттерди электр энергиядан ажыратууну пландап жатат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
2021 -жылдын 10-августунан тартып электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсептөө үчүн автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы бар абоненттер үчүн Бишкек шаарында электр энергиясын аралыктан өчүрөт.
Маалым болгондой, үй чарбаларынын абоненттери алты миллион сомдон ашык, чарбалык эмес абоненттер 3,2 миллион сом карыз.