«Учкун» мамлекеттик ишканасы үч банктан 6,5 млн евро насыя алат

14 июня 2023, 10:38

“Учкун” мамлекеттик ишканасынын 7-июндагы кезексиз жыйынында акционерлер ири лизинг келишимин бекитип, бул маселе боюнча чечим кабыл алуу укугун компаниянын башкы директоруна беришти.

Атап айтканда, мамлекеттик ишкана лизингге атайын техниканы, ага запастык бөлүктөрдү жана алардын продукциясына керектелүүчү материалдарды, ошондой эле ишкананын имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүүгө ниеттенүүдө. Жалпысынан бул максаттар үчүн "Учкун" үч банк – "Айыл Банк", "РСК Банк" жана "Керемет Банк" менен 6,5 миллион еврого лизинг келишимин түзөт.

Бул бүтүмдөрдү жүргүзүү ыйгарым укуктарын акционерлер "ар кандай шарттарда" деген шарт менен "Учкун" ААКсынын башкы директору Бактыбек Султановго беришкен.