Май айында банк насыяларынын көлөмү 75% га өстү

1 июля 2021, 11:10

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2021-жылдын май айында банктык насыялардын көлөмү бир айдын ичинде 75% га, 2,7 млрд сомдон 11 млрд сомго көбөйгөн. 

Жалпысынан, кыска мөөнөттүү насыялардын көлөмү 28,8 миллиард сомго жеткен. Бир ай ичиндеги өсүш 7,4 миллиард сомду түзгөн.

Ал эми узак мөөнөттүү насыялар тескери тенденцияга ээ - көлөмдөр 144 миллиарддан 138 миллиард сомго чейин азайган.