Банк ипотекасынын көлөмү бир жылдын ичинде 1,9 млрд сомго өстү
Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы банктар тарабынан берилген ипотеканын көлөмү августтун аягында 18,1 млрд смоду түздү.
Белгилей кетсек, жыл ичинде өсүш болгону 1,9 млрд сомду түзгөн. Ипотеканын орточо чендери 0,2% га - 12,6% дан 12,4% га чейин төмөндөгөн.
Коммерциялык банктардагы жалпы кредиттик портфел 174,4 млрд сом болду.