АКШдан акча которуулардын көлөмү 57,57%га өстү

12 марта 2024, 10:38

Быйылкы жылдын январында өлкөгө акча которуулардын агымы 55,6%га өстү. Мындай тыянакка Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматтарын изилдөө аркылуу келсе болот.

Алсак, ушул жылдын биринчи айында жеке жактар ​​259 миллион доллар алса, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сумма 166,4 миллион долларды түзгөн.

Кызыгы АКШдан акча которуулардын агымы 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 57,57%га көбөйүп, 5,2 миллион долларды түздү.

Акча которуулардын негизги көлөмү Орусиядан келет. Быйыл ал жактан сумма 61,3%га көбөйүп, 244,1 млн доллар болду.

Казакстан менен Түркиядан сумма 94,2% жана 26,3%га азайган.