Январда Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 23% кыскарды
Быйыл январь айында Кыргызстанга жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу 146,7 миллион доллар түшкөн. Бул тууралуу көзөмөлдөөчү орган билдирди.
Аталган сумманын дээрлик 90%ы, же 131,5 миллион доллары Орусиядан которулган.
Өткөн айга салыштырмалуу Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 190,4 миллион доллардан 22,95%га, былтыркы жылдын январында 177 миллион доллардан 17,12%га, 174,4 миллион долларга азайган.