Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2023-жылга 352,3 млрд сом өлчөмүндө болжолдонууда

24 октября 2022, 14:27

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылга 352 млрд 323 млн сом суммасында же ИДПга карата 38% деңгээлинде болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 322 млрд 766 млн сом же ИДПга карата 34,8% өлчөмүндө каралууда. 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллион 29,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленип, 2022-жылдын бекитилген бюджетинен 52 миллиард 7947 миллион сомго көп болот. 2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт.