Узак мөөнөттүү банк насыяларынын көлөмү 138,2 миллиард сомго жетти
Ушул жылдын эки айында коммерциялык банктардын кредит портфели 163,1 миллиард сомго жетти. Анын ичинен 138,2 миллиарды узак мөөнөттүү насыялар, деп билдирет Улуттук банк.
[жаңылыктар 33614]
Узак мөөнөттүү насыялардын дээрлик 72 миллиард сому үч жылдын ичинде, 66,2 миллиарды 1-3 жылга берилген. Кыска мөөнөттүү насыялардын көлөмү 20,6 млрд сомду түзгөн.
Отчеттук мезгил ичинде банк кардарларынын мөөнөтү өтүп кеткен карыздары 120 миллион сомго көбөйүп, 4,2 миллиард сомго жетти.