Он жылдык мамоблигациялардын көлөмү 250,6 млн сомду түздү

19 декабря 2022, 14:10

Бүгүн, 19-декабрда он жылдык мамлекеттик казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун көлөмү 250,62 миллион сомду түздү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Эске салсак, кошумча жайгаштыруу эмиссиясынын көлөмү 250 млн 618 миң сомду түзгөн. 

Кошумча жайгаштыруу зарылдыгы 16-декабрдагы аукциондон кийин пайда болгон. Анда эмиссиянын көлөмү 2,3 млрд сомду түзүп, аукциондун кирешелүүлүгү 16,50% болгон.