МКОлорду кошумча жайгаштыруунун көлөмү 391,3 млн сомду түздү

23 января 2023, 14:16

Бүгүн, 23-январда Улуттук банк 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Алсак, кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча 10 жылдык казына облигацияларын кошумча жайгаштыруунун көлөмү 391,34 млн сомду түздү.

Эске салсак, аукциондо 400 миллион сом тартуу пландалган.