Өлкөдө жүк ташуу көлөмү 361,5 миң тоннага өстү

10 апреля 2023, 11:34

Былтыркы жылы "Кыргыз темир жолу" ишканасы 8 млн 22 миң тонна жүк ташыган. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Ошентип, көлөм 2021-жылга салыштырмалуу 361,5 миң тоннага өстү.

"Жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алышы саналат, алар өлкөгө келгенден кийин дароо ишке киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы компания 268,6 миң жүргүнчү ташыган. Анын 14,2 миңи эл аралык жана 254,4 миңи ички ташуулар. 2022-жылдын 6-июнунан тарта эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин иши жанданды.

Ошондой эле, "Кыргыз темир жолу" ачык акционердик коомунун туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында, кыймылдуу составдын жана темир жолдордун паркын калыбына келтирүүгө жана жакшы абалда кармап турууга багытталган тийиштүү иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.