Нарын облусуна ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарлардын импортунун көлөмү 98,2%га кыскарды

8 ноября 2021, 10:18

Нарын облусуна ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарлардын импортунун көлөмү 98,2%га кыскарган. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмүндө аймактын салыштырма салмагы 0% түзөт.

Расмий статистикага ылайык, ушул жылдын январь-август айларында Баткен облусу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 95,1 миң долларды түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 542,7 миң долларга баалангандан 447,6 миң долларга аз.

Жумгал районуна жана Нарын шаарына быйыл ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар кирген эмес. Өткөн жылы Жумгал районуна 368,6 миң долларга, Нарын шаарына 62,6 миң долларга товар алынып келинген.

Ат-Башы районуна импорт 92,3%га кыскарган. 2021-жылы районго 0,8 миң долларлык товар алынып келинсе, мурда 10,4 миң долларга товар алынып келинген. Кочкор районуна импорт 6,6%га кыскарган. Ушул жылдын январь-август айларында аймакка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 94,3 миң долларлык, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 101 миң долларлык товар алынып келинген.

Быйыл да, былтыр да Нарын облусунан ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар экспорттолбогондугун кошумчалайбыз.