Быйыл капиталга инвестициялардын көлөмү 37,7 млрд сомду түздү
Бардык каржылоо булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 37,7 млрд сомду түздү. Бул боюнча минкабдын жыйынында талкууланды, анда өлкөнүн жыл башынан берки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылды.
Ошондой эле жыйында өлкөнүн 2021-жылдын январь-майында тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,7% га өскөнү айтылды.