Кыргызстанда канча акча жүгүртүүдө?

8 марта 2023, 10:38

Былтыр 2022-жылдын аягында жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 198 миллиард 810,1 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, өткөн жылы акча массасы февраль айында гана жүгүртүүдөн чыгарылган. Калган айларда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү гана өстү.

Муну менен республикадагы жалпы акча базасы 2022-жылдын декабрь айынын жыйынтыгы боюнча 227 миллиард 381,5 миллион сомго жеткен.