Кыргызстанда өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү 17,9% га төмөндөдү

14 апреля 2021, 09:29

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-март айларында болжол менен 73 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9 пайызга азайган.

[жаңылыктар 34045]

Төмөндөө негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнүн 38,4% га, химиялык продуктылардын - 27,8% га, текстиль өндүрүшүнүн - 14,6% га, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда - 18,1% га төмөндөшүнүн эсебинен болду.

"Курулушта терс тенденциялар байкалды, анда көлөмдүн төмөндөшү 19,8% ды, дүң жана чекене соода жүгүртүү - 11,4% ды түздү, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн өсүшү - 0,9% ды түздү", - деп билдирди Улуттук статистика комитети.