ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшү 393,1 млрд долларды түздү
ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-апрелинде 393,1 млрд долларды түздү, 2020-жылдын январь-апрелине салыштырганда көрсөткүчтөр 1,5% га жогорулады, деп билдирди ЕЭК.
Өндүрүштүн көпчүлүк бөлүгүн иштетүү өнөр жайы ээлейт - 251,5 миллиард доллар, 5% га жогорулады. Тоо-кен ишинин көрсөткүчтөрү 6,9% га түшүп, 97,9 миллиард долларды түздү.
Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер чөйрөсүндө болсо 8,8% га өсүп, 36,6 миллиард долларды түздү.